
“Бактылуу Айымдын” кезектеги каарманы Курманалиева Майрамбүбү эже атайы Каракөл шаарынан келди. Алгач мага интернет аркылуу кайрылуу жасаган каарманымды көрө электе эле позитив тартуулаган адам экенин билгенмин. Берүүнү тартууда эженин энергиясы таасир бердиби айтор, көп нерсени оңой жасоого жетиштик. Майрамбүбү эже көп адамдарга мотивация берет деп ишенем! Анткени, бий менен алектенип, вулканизация дагы иштетет. “Алгач банктан кредит алып бизнес баштоону чечтим. Айына пайда чыгарып, кредитимди төлөп турам. Кредит бүтсө, дагы жакшы иш баштоого ниетим бар. Андан сырткары жакшылыктарга бийлеп, дайыма позитивде жүрөм. Индия бийин бийлеген жагат, алардын режиссерлору менен таанышып, киного тартылгым келет” деген каарманыбыздын кыялын орундатып, Индиялык режиссерлор менен тааныштырып, алардын иш-чарасында бийлеттик. Ошентип, бир күнгө пландалган жолугушуубуз эки күнгө уланып, алдыга жакшы максаттарды коюп, жылуу коштоштук.
Эжебиздин жүзүнө , чачына кам көргөн @lika_beautybar адистери @janna.salimbaevaa , татуаж @nona_vizaj , макияж @malya_mua .
Косметолог @janara_kubanych рахмат.
Микроволновка менен ар розаларды берип жиберген кайрымдуу айым @venera_sovetbekovna жана @datka_aiymdar_jamaaty ыраазычылык.
Аябай кубанып, баарыңыздарга салам жолдоп кетти🥰
Менин YouTube каналыма катталыңыздар!:
Социалдык тармактагы менин расмий баракчам:
Instagram:
Facebook:
Tik Tok:
Telegram:
Урматтуу Ютуберлер! Анжелика Кайратовна Youtube каналынан көчүрүп өз каналдарыңызга жүктөө тыю салынат! Эскертүүсүз страйк жиберүүгө туура келет...