Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылды.
Кыргызда “шам” - “жарык” дегенди билдирет, башкача айтканда, “Шамбаланын” түзмө-түз мааниси “шам - бала” же “жарык чачкан бала”. ⠀
Анын эки жомогу бар эле. Бирөөсүн эч ким билбейт, а экинчиси чоң атасы айтып берген жомок . Кийин экөө тең жок болду.⠀
Шамбала адам баласын душмандардан сактап, аны өзүнүн сүтү менен эмизген Бугу жөнүндө илгерки жомокко - мифке ишенип жашайт. Бирок убакыттын өтүшү менен адамдар марал тукумун кырып салышканына карабастан, бугу алар жакка кайра кайтып келет деп ишенет.