
Кара-Суу базарына барып 5 саат кыдырып, муктаждарга кийим тандап, жылуу сапаттуу оюмдагыдай кийимдерди алдым.🤗 Биринчи эле командам менен балдар үйүнө баш бактык🥹❤️
25 балага кышкы жылуу куртка, кечки тамактанууга плов, шириндик, суусундук берилди.🙌🏻 Эң башкысы балдардын маанайы🥹🙌🏻 Аябай кубанышты… Алган белектерин жактырышты…❤️❤️❤️ Балдар менен сүйлөштүк, сырдаштык, кийинкиде буюрса күн жылып калганда чогуу киного бармай болдук.😇 Ар биринин мойнунан жыттап, бала жытына мас болуп коштошкум келбей кайттым.🥺❤️❤️❤️ Сиздер дагы сөзсүз келиңиздер!!!🤗❤️
#АйгеримРасулкызы #Кайрымдуулук