Сөзү: А. Алымов
Обону: Э. Андашев
Ыйлаба жаным ыйлаба.
Көз жашың төгүп кыйнаба.
Арманда өтөт күндөрүм
Аячы мени кыйнаба!?
------------------
Сыздаба жаным сыздаба.
Сезимдер муздап калса да.
Сүйүүбүз өчпөс түбөлүк
Сен жаным эми сыздаба.
----------------
Ашыктык балы тамганда
Алоолоп оту жанганда
Албырып жүзүң жаркырайт
Ай, күнүм, тапкан ар таңда.
----------------
Жылдызың жанып маңдайда
Жыргалым сендей жан кайда?
Жылуулук берет жан-дүйнөң
Жан эркем сендей жан кайда.
Все права защищены
Copyright © Эрлан Андашев