Урматтуу Мекендештер! Бугунку эгемендүүлүгүбүздүн 25-жылдык майрамы менен куттуктайбыз!
Учурда Кыргыз киносу кайрадан жанданып, улам бийик серени карай көтөрүлүп баратканына күбөбүз. Улуу муундагы режиссерлор, сценаристтер жана артисттер калыптандырып кеткен жакшы салттарга таянып, кинематографисттердин жаңы мууну өсүп келе жатат. Деми күчтүү жаш муун улуттук кино өнөрдүн туусун бийик көкөлөтүүгө умтулууда. “Кыргыз керемети” татыктуу улантылат деген үмүттөбүз.
Бардыгыңыздарга чың ден-соолук жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз. Кыргызстаныбыз тынчтыкта гүлдөп өнүгө берсин!