Акыркы эки күндөгү жер титирөө

Просмотров: 13, 713   |   Загружено: 2 год.
icon
AKIpress news
icon
104
icon
Скачать
iconПодробнее о видео
Өлкөнүн түштүк аймагындагы жашоочулар акыркы 2 күндөн бери жер титирөө болгонун сезип жатышат. ӨКМдин маалыматы боюнча, 23-мартка караган түнү Баткендин Сүлүктү менен Раззаков шаарларында күчү 5 баллга, Баткен шаарында 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Алгачкы маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор жок. Жергиликтүү тиешелүү органдар мониторинг жүргүзүп жатышат.

Лейлектин Жети-Таш айылынын тургундары «Балаты» бала бакчасынын имаратында түндөгү жер титирөөдөн кийин майда жаракалар пайда болгонун билдиришти. ӨКМ бул имарат авариялык абалда деген корутунду чыгарган болчу. 

Түнкү саат экидеги жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында жайгашып, очогундагы күчү 7,5 баллга жеткени белгилүү болду.

Ал эми 21-мартта саат 22:47де Афганистанда очогундагы күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталып, Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 3 балл болуп сезилген. Жер титирөөнүн кесепетинен Афганистанда 9, Пакистанда 2 адам каза тапканы расмий кабарланган болчу.

[ Официальный канал ИА АКИpress ]
Смотрите и читайте нас:
Наш сайт: www.akipress.org
Instagram: instagram.com/akipress
Страница в Facebook: facebook.com/akipress
Twitter: twitter.com/akipress
Телеграм: t.me/akipress
TikTok: tiktok.com/@akipresskg

Похожие видео

Добавлено: 55 год.
Добавил:
  © 2019-2021
  Акыркы эки күндөгү жер титирөө - RusLar.Me