
Чек арадагы кагылыштан улам 140 миңден ашык кыргызстандык коопсуз жакка жер которгонго аргасыз болду. Алар Баткен, Лейлек районунун, Баткен, Сүлүктү, Исфана шаарынын жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургундары.
Куралдуу кагылышта жабыркап, жер которгон адамдарга гуманитардык жардам чогултуп, жөнөтүү уланууда. 16-сентябрда кечке жуук Бишкектен Баткенге 67 тонна жардам жөнөтүлдү. Жардам чогултуу уланууда.
#Кыргызстан #чегара #Баткен
_________________________________________
Биздин сайт -
Instagram -
Фейсбук -
Ютуб -
Телеграм -