
Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука району Өзбекстандын Наманган облусунун бир канча району менен чектешет. Жолдун бир бетинде кыргызстандыктар, аркы жагында өзбекстандыктар жашаган жерлер бар. Ошого карабастан чек арадагы чектөөдөн улам бири-бири менен эркин катташа албайт. Жакын жайгашкан аймактардын убактысы да эки башка.
"Азаттыктын" кабарчысы Ала-Букадагы чектеш жерде жайгашкан эки айылга барып келди. #АлаБука #Кыргызстан #Данисте #чекара
_________________________________________
Биздин сайт -
Instagram -
Фейсбук -
Ютуб -
Телеграм -