Депутат Бакировдун иш бөлмөсүнөн көчүрүлүшүн айрым депутаттар сынга алды

Просмотров: 250, 582   |   Загружено: 2 год.
icon
Азаттык
icon
3, 724
icon
Скачать
iconПодробнее о видео
Депутат Өмүрбек Бакировдун Жогорку Кеңештеги иш бөлмөсүнөн көчүрүлүшүн анын айрым кесиптештери сынга алды. Депутат Тазабек Икрамов депутаттын иш бөлмөдөн көчүрүлүшүн "мыйзам бузуу" деп баалады. Икрамовдун айткандарын "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров колдоп, "эгер кесиптешибиздин кадыр-баркын, анын Конституциялык макамын коргой албасак, шайлоочулардын укугун кантип коргойбуз?" деген суроо узатты.

Бакировдун Ак үйдүн 7-кабатындагы кызматтык бөлмөсү өткөн аптада алмашкан. Анын алдында Элмира Усенованын колу коюлган кат жарыяланып, анда "Жогорку Кеңештин ишин оптималдаштыруу жана жумуш орундарын иретке салуу максатында 7-кабаттагы 705-бөлмөнү 18-ноябрда саат 13:00гө чейин бошотууңузду өтүнөм" деп жазылган. Катта эл өкүлүнө башка бөлмө берилери да көрсөтүлгөн. Социалдык тармактарда депутаттын кызматтык бөлмөсүнөн буюм-тайымдары сыртка чыгарылып койгону тартылган видеолор тараган.

Бакиров бул бөлмөдө 6-чакырылыштагы депутат кезинен бери отурганын жана президенттик иш башкармалыктын чечимин түшүнбөй жатканын "Азаттыкка" билдирген.

Анын алдында, 17-ноябрда парламенттин жалпы отурумунда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан учурда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бакиров кайым айтыша кеткен.
_________________________________________
"Азаттыктын" тиркемесин көчүрүп алыңыз.
Шилтемеси:
IOS
Android
Биздин сайт - ​
Instagram - ​

Фейсбук - ​

Ютуб -
Телеграм - ​

Похожие видео

Добавлено: 55 год.
Добавил:
  © 2019-2021
  Депутат Бакировдун иш бөлмөсүнөн көчүрүлүшүн айрым депутаттар сынга алды - RusLar.Me