Друзьями мои, снова нужен Ваш совет. Что делать с сухостоем («Джунглями») около придомовых участках? Давайте посмотрим на опыт других стран , в некоторых даже заборов нету. Сейчас мэрия активно проводит воду (устанавливает лотки) для полива , только лишь с одной целью, дабы наш город был зеленым. Однако инициатива наказуема иногда (хоть и абсурд) 🫣🫣🫣.
СВЕТЛАНА ПРОСТИТЕ ЗА ВИДЕО👐🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏
Урматуу достор! Шаарыбызда жарактан чыккан арык системасын калыбына келтирүү жана арык жок жерлерде арык лотокторун орнотуу иштери кызуу жүрүп жатат. Муну менен биз ар бир үйгө сугат суусун жеткирүүнү көздөп жатабыз.
Ошондой эле, борбор калаанын эстетикалык көрүнүшүн калыбына келтирүү максатында, үйлөрдүн айланасын куураган бак-дарактардан, бадалдардан жана чөп-чарлардан тазалоо иштерин жүргүзүүдөбүз.
А турак жай менчик ээлери болсо, үйлөрдүн айланасындагы аймакты менчикке өткөрүп алганы менен, айланасын эски доордогудай чырпык же көрктү бузган тосмолор менен тосуп, санитардык нормага дал келбегендей карап, өрт коопсуздугун сактабай келишет. Үйлөрүбүздүн айланасын заманбап ыкма менен тосуп, көрктөндүрүп, таза кармоо ар бирибиздин милдетибиз деп ойлойм.
Бишкек шаарынын мэринин буйругунун негизинде мен командам менен жумасына эң аз дегенде бир көчөнү кыдырып, шаарды көркүнө келтирүү үчүн болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Бирок, ошондо дагы нааразы болгон адамдар чыкпай койбойт экен. Бул абдан өкүнүчтүү.
Урматтуу шаар тургундары, менин ойлорумду колдойсуздар деген ойдомун. Шаар баарыбыздыкы!