Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын кабыл алыныша байланыштуу комментарий бериши соцтармакта кызуу талкууга жем таштады.
Кээ бир интернет колдонуучулары анын «демокриялык эмес жест» жана «кыргыз досторубузга эскерткенбиз» деп айтканын шовинизм деп аташты.
Президент Садыр Жапаров дагы бул боюнча пикирин билдирип, бирок алгылыктуу жооп берген эмес. Жапаров кол коюлган документте орус тили дискриминацияланбайт деп эсептейт. Анын айтымында, мыйзамда орус тилинин расмий макамы бекитилген, жаңы норма мугалимдер менен дарыгелерге тийиштүү эмес.
Мамлекет башчынын расмий сайтында аталган документ жарыяланганын белгилей кетүү керек. Анда кызматтык милдетин аткарууда кимдер мамлекеттик тилди колдонууга милдеттүү болору туурасында тизме бар.