
Ал иниси Кайрат Сатыбалды тууралуу суроого жооп берип, ага карата сот чечими адилетсиз болсо айыпталуучунун даттанууга укугу бар экенин кошумчалады.
Назарбаев менен чогуу иштеген өлкөнүн мурдагы премьер-министри, Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчиси Карим Масимов жана иниси Кайрат Сатыбалды камалган. Назарбаевдин дагы бир иниси Самат Абиш УКМКнын төрага орун басарлыгынан кеткен, кызы Дарига Назарбаева Сенаттагы депутаттык мандатын тапшырган.
2019-жылы өлкөнүн баш калаасы Нур-Султан деп атала баштаса, быйыл кайрадан Астана деген эски аталышы калыбына келтирилди.
Январь окуяларынан кийин президент Токаевдин демилгеси менен Конституция өзгөртүлүп, 20-ноябрда кезексиз президенттик шайлоо өтүп жатат.
_________________________________________
"Азаттыктын" тиркемесин көчүрүп алыңыз.
Шилтемеси:
IOS
Android
Биздин сайт -
Instagram -
Фейсбук -
Ютуб -
Телеграм -