163 кабаттан турган дүйнөдөгү эң бийик имарат «Бурж-Халифа» 1-ноябрда Кыргызстандын желегинин түсүнө боёлду. Бул президент Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапарынын жыйынтыкталышы менен байланыштуу.
Өлкө башчы эмираттардын азыркы президенти менен Абу-Даби шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир катар документтерге кол коюлган. Бул жолугушууда Ысык-Көл облусундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасында жайгашкан №354 мөңгү мындан ары БАЭнин негиздөөчүсү, шейх Заид бин Султан Аль Нахайяндын ысымында боло турганы айтылды.
Чокуга азыркы президенттин маркум атасынын ысымын ыйгаруу менен анын эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууга кошкон салымы бааланат.
--- Официальный канал ИА АКИpress ---
Также смотрите и читайте нас по следующим ссылкам:
Наш сайт:
Instagram:
Страница в Facebook:
Twitter:
Телеграм:
TikTok:
Группа в VK: