
Сузак РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн профилактика иштеринин натыйжасында, мурда бир нече жолу оор кылмыштар менен соттолгон, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган, «Пахир Калла» каймана аттуу Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Кургак-Көл айылынын тургуну 1975-ж.т. Бахадыр Баратов уюшкан кылмыштуу топтордун идеологиясын колдобой тургандыгын билдирип чыкты. Ал мындан ары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына баш ийип жашоого, эгерде мыйзам бузса жоопкерчилик тартууга даяр экендигин айтты.
Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы