“СЕССИЯГА АЛЫП ЧЫГАМ ДЕП КОРКУТУП” -ТАШ-КӨМҮРДӨ АКЧА ТАЛАП КЫЛГАН ДЕПУТАТТАР КАРМАЛДЫ

Просмотров: 8, 214   |   Загружено: 2 год.
icon
content3722
icon
127
icon
Скачать
iconПодробнее о видео
КР УКМК: Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттары акча каражатын талап кылгандыгы үчүн кармалды

2023-жылдын 31-майында Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.С.С. жана Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты С.Н.А. 25 000 сом акча каражатын пара катары алып жаткан жеринен кармалышты.
Такталгандай, Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.С.С. жана Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты С.Н.А., ар кандай текшерүүлөрдү уюштуруп, ээлеген кызматына шайкеш келтирүү маселесин шаардык кеңештин отурумуна алып чыгам деп коркутуу жолу менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинен 25 000 сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.
Бул аталган факты боюнча КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (Опузалап талап кылуу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, айып тагылган. Соттун чечими менен депутаттар УКМКнын тергөө камак жайына 2 айга камакка алынып, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Похожие видео

Добавлено: 56 год.
Добавил:
  © 2019-2021
  “СЕССИЯГА АЛЫП ЧЫГАМ ДЕП КОРКУТУП” -ТАШ-КӨМҮРДӨ АКЧА ТАЛАП КЫЛГАН ДЕПУТАТТАР КАРМАЛДЫ - RusLar.Me