
Обону : Рамис Алиев
Аранжировка : Рамис Алиев
«Энекем»
1.
Алдейлеген , асыл энем
Бакытым, байлыгымсыз
төрүмдө
Чачым сылап чоңойтуңуз
Ченемсиз, ыраазымын мен өмүргө
Жебей ак нанын , мага катканым
Аруу ак таңым, бийик асманым, менин
Кайрыма:
Ыйыгым, Умайым сиз энекем
Ырысым , күн айымсыз берекем
Ааламга мактанаарым сиз
, асыл энем сыймыгымсыз.
2.
Оомат конуп, бакыт толсун
Тайнелеп небереңиз эркелеп
Сыйга оронуп, көп жашаңыз
Майрамдай маанайыңыз көкөлөп
Жүрөгүмдөсүз, тилегимдесиз
Аярым да сиз , таярым да сиз, менин.
Кайрыма:
Ыйыгым, Умайым сиз энекем
Ырысым , күн айымсыз берекем
Ааламга мактанаарым сиз
, асыл энем сыймыгымсыз.