Бишкекте жакында эле дагы бир Facebook колдонуучусу кармалды. УКМК ал улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жазып жүргөнүн кабарлады. Жаран сот тарабынан беш суткага камалганына карабай, мыйзамга каршы ишмердүүлүгүн токтотпогону айтылды.
Ушундай эле берене боюнча козголгон ишке күбө катары жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров да ИИМге суракка чакырылды. Тергөөнүн версиясы боюнча ал кастыкты козутууга багытталган күмөндүү материалды баракчасына жарыялаган.
Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси соңку жылдары саясий өңүт алды. Мындай иш үчүн мыйзамда 200 миң сом айып пул салуу же жети жылга эркинен ажыратуу жазасы каралган.