Аваз Акимов & Айдана Дека - "Рахмат, сага жаным" / Жаңы ыр 2024

Просмотров: 141, 386   |   Загружено: 1 год.
icon
Aidana Deka
icon
863
icon
Скачать
iconПодробнее о видео
Аваз Акимов & Айдана Дека- "Рахмат, сага жаным"

Сөзү: Жылдызбек Турсунбаев
Обону: Аваз Акимов

Жароокер ашыгым,
Жактырган асылым,
Жылмайсаң мага көзүңдөн жанат жалын.

Мен дагы сенден кубат алам,
Бүтпөсүн биздин сүйүү баян,
Сен барда жаным, сен барда жаным жаркыйт аалам!

КАЙЫРМА:
Рахмат сага, жаным,
Сенсиң менин өмүр багым.
Тагдырыма, бакытыма ыраазымын!

Рахмат сага, жаным,
Сени менен жарык таңым,
Сүйгөн сайын сүйгүм келет дагы, дагы...


Жашообуз гүл деңиз,
Бир анда биргебиз.
Арзууга толгон жүрөктөр биздин эгиз.

Максатка чогуу баратабыз,
Махабат жолун жаратабыз.
Ай-жылдыз сымал, кун-жылдыз сымал жанашканбыз.

КАЙЫРМА:
Рахмат сага, жаным,
Сенсиң менин өмүр багым.
Тагдырыма, бакытыма ыраазымын!

Рахмат сага, жаным,
Сени менен жарык таңым,
Сүйгөн сайын сүйгүм келет дагы, дагы...

#айданадека #авазакимов #рахматсагажаным

Похожие видео

Добавлено: 56 год.
Добавил:
  © 2019-2021
  Аваз Акимов & Айдана Дека - 'Рахмат, сага жаным' / Жаңы ыр 2024 - RusLar.Me