Коронавирус, 3 жаштагы баланын өлүмү жана күйөөсү токмоктогон Каныкей

Просмотров: 24, 462   |   Загружено: 5 год.
icon
AKIpress news
icon
88
icon
Скачать
iconПодробнее о видео
Жугуштуу коронавирус дартына байланыштуу социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары интернет аркылуу буйрутма кылынган товарлар тууралуу сурап башташты. Алар Кытайдан алынып келген буюмдарды алуу коркунучтуу эмеспи деп тынчсызданышкан.
Учурда Кытайдан оролуп, таңгакталып жөнөтүлгөн (посылка) буюмдар Кыргызстанда кадимки шартта кабыл алынып жатат. Бул маалыматты АКИpress агенттигине бүгүн, 29-январда «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
ТОЛУГУ МЕНЕН:
* Кыргызстанда кайсы кесиптерге суроо-талап көп экенин билчү белеңиз?
Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Руслан Казакбаев: «Кыргызстандагы эң негизги, суроо-талап көп болгон 3 кесипти айтып бериңизчи?» деген суроону эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Камалдин Токтосартовго узатты.
Токтосартов курулуш чөйрөсүндөгү жумушчуларга суроо-талап көп экенин билдирди. «Бизге кран айдоочусу, бетон койгуч, газ-электр ширеткичтер керек. Бул багыттагы кызматкерлердин орточо эмгек акысы 15 миң сом», - деди ал.
ТОЛУГУ МЕНЕН:
* Сузак районунда 3 жаштагы бала ур-токмоктун кесепетинен чарчап калды. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 27-январь күнү саат 13:30 чамасында Сузак районунун Октябрь айылдык ооруканасына денесинде көптөгөн көк ала тактар бар 2017-жылы туулган баланын жансыз денесин жеткиришкен. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
ТОЛУГУ МЕНЕН:
* Дагы бир үй-бүлөлүк зордук-зомбулук:
Баткен районунда жашап жаткан 31 жаштагы Каныкей күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылып, Баткен облустук ооруканасында жарым ай дарыланды. Аны кечээ, 28-январда апасы чыгарып кеткен.

Каныкей «Турмуш» басылмасынын аймактык кабарчысы менен жолугушкан башы, бели ооруп, коюу тамак жей албай, колун көтөрө албай жатканын айтты.

ТОЛУГУ МЕНЕН:
* Кыргыз тилиндеги бардык маалыматтарды akipress.org/kg дарегинен окуңуздар.
Бардык маалыматтар менен телефондон эле үзгүлтүксүз кабардар болуу үчүн эң ыңгайлуу «Баракелде» мобилдик тиркемесин көчүрүп алыңыз.
---------------------------------------------------------------------------------------------
Официальный канал ИА АКИpress
Также смотрите и читайте нас по следующим ссылкам:
Наш сайт:
Instagram:
Страница в Facebook:
Twitter:
Телеграм:
Группа в VK:

Похожие видео

Добавлено: 55 год.
Добавил:
  © 2019-2021
  Коронавирус, 3 жаштагы баланын өлүмү жана күйөөсү токмоктогон Каныкей - RusLar.Me