Эл аралык республикалык институт жарыялаган изилдөөнүн бир бөлүгү Кыргызстанда адам укуктарын сактоо маселесине арналган.
Сурамжылоого катышкандардын 58 пайызы аялдын орду ашканада болушу керектигин айткан. 63 пайызы аялдарды билим берүү тармагынан көрсө, 56 пайызы саламаттык сактоо жаатында иштешин каалайт. Ал эми 7 пайызы жарандык сектор жана бейөкмөт уюмдарда, 6 пайызы дипломатияда, 12 пайызы саясатта өзүн көрсөтө алат деп эсептейт.
Эксперттердин пикири боюнча, мындай маалымат коомчулук эркек — акча табуучу, аял — үй-бүлө очогун сактоочу катары гендердик стереотиптер менен гана жашап жаткандыгын айгинелейт. Тагыраагы, бир гана аял тамак жасап, кир жууп, балдарын тарбиялап отурганы кадыресе көрүнүш деп ойлорунан кабар берет. Бирок мындай нерсе ишти бөлүштүрүүдө дискриминация деп аталарын эстен чыгарып коюшкан.