
Ош шаарынын тургуну Мээргүл Каракозуева нормалдуу эле туулган. Врачтар дарылайбыз деп жүлүндөн суу алган соң кулагы такыр укпай калган. Ошого карабастан Мээргүл туризм тармагында ийгиликтүү иш алып барат. Мурдагы ижарага алынган имараттан ээлери кууп чыккан соң азыр кароосуз калган имаратты алып толук ремонттон өткөрүп жатат.