ЖАЛАЛ-АБАД: БАЗАРДЫ ИШТЕТЕ АЛБАСА, ЭМИ ЖЕТЕКЧИСИ ИШТЕН КЕТЕТ…

Просмотров: 5, 584   |   Загружено: 2 год.
icon
content3722
icon
74
icon
Скачать
iconПодробнее о видео
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясында муниципалдык базардын ишинин жанданбай жатышы жана соодагерлерди нааразы кылган тарифтер боюнча маселе кызуу талкууланды. Жыйынтыгында муниципалдык базардагы соода жайларынын бир чарчы метрине ай сайын 220 сомдон тариф бекитип беришти жана базардын ишин жандантып, бюджетке каражат түшүрүү боюнча Керек жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин жетекчисине тапшырма берилди. Эгер тогуз айдын жыйынтыгы менен жылыш байкалбаса, депутаттар аталган мекеменин жетекчисинин кызмат ордун карамай болушту.
Белгилей кетсек, буга чейин муниципалдык базардын бир чарчы метрине ай сайын иажара акысы 450 сомдон деп бекитилген болчу. Бирок, соодагерлер базардын иши жанданбай жатканын айтып, ижара төлөмдөрүн төмөндөтүүнү суранышкан.

Похожие видео

Добавлено: 56 год.
Добавил:
  © 2019-2021
  ЖАЛАЛ-АБАД: БАЗАРДЫ ИШТЕТЕ АЛБАСА, ЭМИ ЖЕТЕКЧИСИ ИШТЕН КЕТЕТ… - RusLar.Me