
Билим берүү жана илим министрлиги 15-августта мектептерде 1-11-класстардын окуучуларынын формасы тууралуу талапты бекиткен. Ага ылайык, мектеп формасы классикалык кийим болушу керек жана аба ырайы, сабак өткөн жер менен бөлмөнүн температурасына жараша болот.
"Аз камсыз болгон катмардагы ата-энелерди мектеп белгилеген форманы алууга мажбурлоо мыйзамсыз. Алар окуучуну талап кылынган үстү ачык, асты кара түстөгү форма менен камсыздаса болот", деп жазылган мекеме тараткан маалыматта.
2015-жылы өкмөт мектеп окуучуларынын жаңы бирдиктүү формасын эмес, жалпы стандарттагы кийимин бекиткен токтом кабыл алган. Анын негизинде өлкөнүн бардык мектептеринде милдеттүү түрдө окшош формага өтүү тууралуу буйрук жокко чыгарылып, ошол элде учурда бирдиктүү мектеп формасы катары жактырылган кочкул кызыл, көк, боз түстүү костюмдарды кийүүгө да уруксат берилген.
Көпчүлүк мектептерде окуучулардан кара түстүү шым, юбка жана ак, көгүш түстүү көйнөк кийүү талап кылынып келген.
_________________________________________
Биздин сайт -
Instagram -
Фейсбук -
Ютуб -
Телеграм -