Садыр Жапаров “Ош-сити” долбоорунун IT-шаарчасынын курулушунун баштоого мезгил кутусун салды

  • Видео
  • О видео
  • Скачать
  • Поделиться

Садыр Жапаров “Ош-сити” долбоорунун IT-шаарчасынын курулушунун баштоого мезгил кутусун салды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-февралда, Ош облусуна жумуш сапарынын жүрүшүндө “Ош-сити” долбоорунун IT-шаарчасынын курулушун баштоонун урматына мезгил кутусун салуу аземине катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө долбоордун негизги максаты – мамлекеттик саясаттын алкагында региондорду туруктуу өнүктүрүү экенин белгиледи. Заманбап ыкмаларды активдүү колдонуу жана массалык турак жай курулушун өнүктүрүү маанилүү аспект. IT-тармагын колдоо аркылуу Кыргызстандын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу Ош шаарынын жана жалпы өлкөбүздүн экономикалык, социалдык, технологиялык өнүгүүсүн ылдамдатуу болуп саналат. “Бул долбоордун аркылуу меймандос жана көп этностуу Ош ынтымак байырлаган баалуулуктары менен катар жалпы түрк дүйнөсүнүн маданий жана материалдык көрөңгөсүн байытып, Улуу Жибек жолунун ири провайдери болуп калат. Шаар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын чордонунда дүйнөнүн туш тарабынан агылып кирип-чыккан туристтердин сүйүктүү аймагына айланат. Шаардын инфратүзүмүн жакшыртуу жана ар тараптуу өнүктүрүү Ошту жашоо жана бизнес үчүн кыйла ыңгайлуу кылат. Бул багыттагы кадамдардын негизгилеринин бири – “Ош-сити” долбоору жана анын IT шаарчасы”, - деп Садыр Жапаров. Ал IT шаарчасы - жашоочулар, ишкерлер жана IT-адистер үчүн заманбап инновациялык комплекстин курамы болорун баса белгиледи. Долбоордун алкагында калктын жана бизнестин талаптарына жооп берген заманбап жана ыңгайлуу инфратүзүмдөр - турак-жай, социалдык, коммерциялык жана IT-объектилер курулат. “Бул масштабдуу долбоорду ишке ашыруу маалында жарандардын жашоо-шартын жакшыртууга жана курулуш, маалымат технологиялары сыяктуу экономиканын негизги секторлорун өнүктүрүүгө өбөлгө түзүлөт. Курулуш учурунда миңдеген жумуш орундары түзүлүп, бир четинен миграциянын деңгээлинин төмөндөшүнө таасир этет. IT-шаарчасы салынып бүткөндөн кийин турак-жай тейлөө, соода жана кызмат көрсөтүү, билим берүү жана саламаттык сактоо, IT-чөйрөсүндө жумуш орундары уюштурулат”, - деп белгиледи Президент. Ал бул долбоордун алкагында жалпы аянты 1 млн чарчы метрди түзгөн, 10 000ден (он миңден) ашуун батири менен ири турак-жай комплекси куруларын кошумчалады. Алардын бир бөлүгү жарандарыбыз ипотекалык программа менен сатып алуусу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын балансына өткөрүлүп берилмекчи. Турак-жайлар энергия үнөмдөөчү системалар жана жогорку ылдамдыктагы интернет менен жабдылат. “Көп тармактуу жаңы турак-жай комплексинде балдар үчүн сапаттуу жана заманбап билим берүүчү мектептер, бала бакчалар курулат. IT-шаарчасынын тургундарын медициналык жактан тейлөө үчүн заманбап жабдуулар менен жабдылган көп тармактуу медициналык мекеме салынып, ал амбулатордук бөлүм, төрөт үйү жана диагностикалык борборлорду камтымакчы. Андан сырткары, спорттук залдар, жөө басууга ыңгайлуу өзүнчө жолдор, веложолдор, жашыл зоналар менен эс алуу аймактары, балдар үчүн оюн аянтчалары жана чоңдор үчүн активдүү эс алуу аймактары курулат”, - деди Мамлекет башчысы. Ал белгилегендей, шаарча Кыргызстандын башка аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн адистерди тартып, жаңы технологиялык демилгелердин башат алган жерине айланат. Президент долбоор Ош шаарынын узак мөөнөттүү туруктуу өнүгүшүн камсыз кыла турган маанилүү кадам болуп саналарын баса белгиледи. Ал келечекте жалпы эле региондун заманбап технологиялык жана социалдык борборуна айланышы керек. Иш-чаранын соңунда Президент Садыр Жапаров Ош шаарынын жана Ош облусунун муктаждыктары үчүн сатылып алынган автоунаалар жана атайын техникалар менен таанышты. [ Официальный канал ИА АКИpress ] Смотрите и читайте нас: Наш сайт: www.akipress.org Instagram: instagram.com/akipress Facebook: facebook.com/akipress Twitter: twitter.com/akipress Телеграм: t.me/akipress TikTok: tiktok.com/@akipresskg
830   |   4 дн назад  |   12 - 0
 

Садыр Жапаров “Ош-сити” долбоорунун IT-шаарчасынын курулушунун баштоого мезгил кутусун салды

Скачайте изображение (превью) выбрав качество


320x180 480x360 640x480 1280x720

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-февралда, Ош облусуна жумуш сапарынын жүрүшүндө “Ош-сити” долбоорунун IT-шаарчасынын курулушун баштоонун урматына мезгил кутусун салуу аземине катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө долбоордун негизги максаты – мамлекеттик саясаттын алкагында региондорду туруктуу өнүктүрүү экенин белгиледи. Заманбап ыкмаларды активдүү колдонуу жана массалык турак жай курулушун өнүктүрүү маанилүү аспект. IT-тармагын колдоо аркылуу Кыргызстандын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу Ош шаарынын жана жалпы өлкөбүздүн экономикалык, социалдык, технологиялык өнүгүүсүн ылдамдатуу болуп саналат.

“Бул долбоордун аркылуу меймандос жана көп этностуу Ош ынтымак байырлаган баалуулуктары менен катар жалпы түрк дүйнөсүнүн маданий жана материалдык көрөңгөсүн байытып, Улуу Жибек жолунун ири провайдери болуп калат. Шаар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын чордонунда дүйнөнүн туш тарабынан агылып кирип-чыккан туристтердин сүйүктүү аймагына айланат. Шаардын инфратүзүмүн жакшыртуу жана ар тараптуу өнүктүрүү Ошту жашоо жана бизнес үчүн кыйла ыңгайлуу кылат. Бул багыттагы кадамдардын негизгилеринин бири – “Ош-сити” долбоору жана анын IT шаарчасы”, - деп Садыр Жапаров.

Ал IT шаарчасы - жашоочулар, ишкерлер жана IT-адистер үчүн заманбап инновациялык комплекстин курамы болорун баса белгиледи. Долбоордун алкагында калктын жана бизнестин талаптарына жооп берген заманбап жана ыңгайлуу инфратүзүмдөр - турак-жай, социалдык, коммерциялык жана IT-объектилер курулат.

“Бул масштабдуу долбоорду ишке ашыруу маалында жарандардын жашоо-шартын жакшыртууга жана курулуш, маалымат технологиялары сыяктуу экономиканын негизги секторлорун өнүктүрүүгө өбөлгө түзүлөт. Курулуш учурунда миңдеген жумуш орундары түзүлүп, бир четинен миграциянын деңгээлинин төмөндөшүнө таасир этет. IT-шаарчасы салынып бүткөндөн кийин турак-жай тейлөө, соода жана кызмат көрсөтүү, билим берүү жана саламаттык сактоо, IT-чөйрөсүндө жумуш орундары уюштурулат”, - деп белгиледи Президент.

Ал бул долбоордун алкагында жалпы аянты 1 млн чарчы метрди түзгөн, 10 000ден (он миңден) ашуун батири менен ири турак-жай комплекси куруларын кошумчалады. Алардын бир бөлүгү жарандарыбыз ипотекалык программа менен сатып алуусу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын балансына өткөрүлүп берилмекчи. Турак-жайлар энергия үнөмдөөчү системалар жана жогорку ылдамдыктагы интернет менен жабдылат.

“Көп тармактуу жаңы турак-жай комплексинде балдар үчүн сапаттуу жана заманбап билим берүүчү мектептер, бала бакчалар курулат. IT-шаарчасынын тургундарын медициналык жактан тейлөө үчүн заманбап жабдуулар менен жабдылган көп тармактуу медициналык мекеме салынып, ал амбулатордук бөлүм, төрөт үйү жана диагностикалык борборлорду камтымакчы. Андан сырткары, спорттук залдар, жөө басууга ыңгайлуу өзүнчө жолдор, веложолдор, жашыл зоналар менен эс алуу аймактары, балдар үчүн оюн аянтчалары жана чоңдор үчүн активдүү эс алуу аймактары курулат”, - деди Мамлекет башчысы.

Ал белгилегендей, шаарча Кыргызстандын башка аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн адистерди тартып, жаңы технологиялык демилгелердин башат алган жерине айланат.

Президент долбоор Ош шаарынын узак мөөнөттүү туруктуу өнүгүшүн камсыз кыла турган маанилүү кадам болуп саналарын баса белгиледи. Ал келечекте жалпы эле региондун заманбап технологиялык жана социалдык борборуна айланышы керек.

Иш-чаранын соңунда Президент Садыр Жапаров Ош шаарынын жана Ош облусунун муктаждыктары үчүн сатылып алынган автоунаалар жана атайын техникалар менен таанышты.

[ Официальный канал ИА АКИpress ]
Смотрите и читайте нас:
Наш сайт: www.akipress.org
Instagram: instagram.com/akipress
Facebook: facebook.com/akipress
Twitter: twitter.com/akipress
Телеграм: t.me/akipress
TikTok: tiktok.com/@akipresskg


Садыр Жапаров “Ош-сити” долбоорунун IT-шаарчасынын курулушунун баштоого мезгил кутусун салды

Чтобы скачать видео "Садыр Жапаров “Ош-сити” долбоорунун IT-шаарчасынын курулушунун баштоого мезгил кутусун салды" передвинте ползунок вправо



Покажите вашим друзьям, добавьте в соцсети

Ссылка на страницу с видео:

 

Ссылка HTML на страницу с видео:

 

Код для вставки плеера:


  • Комментарии

Комментарии ФБ


Уважаемые друзья!

Источником всего видеоконтента, в том числе проигрывающегося на страницах ресурса ruslar.me, является сторонний видео ресурс, а именно общедоступный видеохостинг YouTube.com, предоставляющий открытый доступ к своему видеоконтенту (используя открытую и общедоступную технологию video API3 youtube.com)!

Проблемы с авторскими правами

Если вам принадлежат авторские права на данное видео, которое было загружено без вашего согласия на YouTube.com, перейдите на страницу этого видео сайта YouTube.com , нажмите на ссылку под проигрывателем Ещё -> "Пожаловаться" -> "Нарушение моих прав" и в выпадающем меню, выбирите, что именно нарушается и нажмите кнопку "Отправить".



Неприемлемый контент

Чтобы сообщить о неприемлемом видео, перейдите на YouTube, нажмите на ссылку под проигрывателем Ещё -> "Пожаловаться" и выберите в "Сообщить о нарушении" что именно вас не устраивает в этом видео. Подробнее о наших правилах читайте в Условиях использования.