К.ТАШИЕВ ЖАЛАЛ-АБАДДА 20 АВТОУНАА ТАПШЫРДЫ
- Видео
- О видео
- Скачать
- Поделиться
К.ТАШИЕВ ЖАЛАЛ-АБАДДА 20 АВТОУНАА ТАПШЫРДЫ
1, 665 | 4 мес. назад | 27 - 0
Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда милиция кызматкерлерине жаңы кызматтык автоунаалар тапшырды
19-апрель, 2025-жыл -Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев, аймактардын географиялык өзгөчөлүктөрүн, шаар жана райондордун кызматтык муктаждыктарын эске алуу менен Жалал-Абад облусундагы Ички иштер бөлүмдөрүнө жаңы кызматтык автоунааларды тапшырды.
Жалпысынан 2025-жылы чыгарылган 20 кызматтык автоунаа, анын ичинде “Chevrolet Cobalt”, “Sunray ESC” жана “JAC 4WD” үлгүсүндөгү унаалар, тийиштүү бөлүмдөргө берилип, алардын ыкчам ишмердигине олуттуу көмөк көрсөтүлдү.
Сөзүндө генерал-полковник Ташиев милиция кызматкерлерин өлкөнүн ички коопсуздугун жана жарандардын бейпил жашоосун камсыз кылууга ак ниет менен кызмат өтөөгө, мыйзамдуулукту сактоого жана элдин милицияга болгон ишенимин бекемдөөгө тынымсыз аракет кылуу зарылдыгын эскертти. Жана өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, мындан ары да укук коргоо жана коопсуздук органдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу аракеттери уланарын белгиледи.

Чтобы скачать видео "К.ТАШИЕВ ЖАЛАЛ-АБАДДА 20 АВТОУНАА ТАПШЫРДЫ" передвинте ползунок вправо
- Комментарии
Комментарии ФБ