Тарыхый имаратка көз арткандар кимдер? | "Куугунтук курмандыктары"
- Видео
- О видео
- Скачать
- Поделиться
Тарыхый имаратка көз арткандар кимдер? | "Куугунтук курмандыктары"
12, 578 | 20 час. назад | 223 - 0
Жакында эле Бишкектеги бир катар тарыхый архитектуралык имараттардын макамын алуу тууралуу сөз болуп жатканы социалдык тармактарда талкууга түштү. Бул боюнча атайын комиссия түзүлүп, жыйын курган. Тарыхчы, архитекторлор, маданият ишмерлери буга каршылык билдирип, өлкө жетекчилигине кайрылууда. Ал имараттардын шаар үчүн тарыхый – архитектуралык мааниси кандай? Урбанизация күчөп жаткан мезгилде шаарды тарыхый архитектуралык эстеликтерин жоготпой, кантип кеңейтүү керек? Шаардын жүзү, негизи эле шаар кандай болушу зарыл? Бул суроолорду Кыргыз эл жазуучусу, тарыхчы, президенттин кеңешчиси Арслан Капай уулу, белгилүү саясий жана коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, архитектор Ишенбай Кадырбеков, публицист, Президентке караштуу караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун эксперти Кадыр Кошалиев менен талкуулайбыз.
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram -
Фейсбук -
Ютуб -...
Телеграм -

Чтобы скачать видео "Тарыхый имаратка көз арткандар кимдер? | 'Куугунтук курмандыктары'" передвинте ползунок вправо
- Комментарии
Комментарии ФБ