"БЫЧАК ТАКАП" -ЖАРАНДАРДЫ КОРКУТУП, КАРАКЧЫЛЫК КЫЛГАНДАР КАРМАЛДЫ

  • Видео
  • О видео
  • Скачать
  • Поделиться

"БЫЧАК ТАКАП" -ЖАРАНДАРДЫ КОРКУТУП, КАРАКЧЫЛЫК КЫЛГАНДАР КАРМАЛДЫ

ИИМ: Жалал-Абадда жарандарды карактоо менен алектенген кылмыштуу топ кармалды Жалал-Абад ОИИБге Ала-Бука районунун тургуну Ш.К. арыз менен кайрылып, ок атуучу курал жана бычак менен коркутуп, акча каражатын тартып алган жарандарга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Жабырлануучунун айтуусунда, белгисиз жарандар аны чакырып алып, унаасына отургузуп, Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын жайлоосуна алып чыгып, бычак жана белгисиз үлгүдөгү тапанча менен коркутушкан. Андан соң, жабырлануучуну унаадан түшүрүп, бычак менен коркутушуп, шилтеп, оң колунун чыканагынын үстүн тилип, тапанча менен бутунун астына атып, 50 000 сомун күчкө салып тартып алышкан. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (Каракчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган. Ошондой эле, 2022-жылдын апрель айында милицияга дагы бир жаран А. арыз менен кайрылган. Себеби, Жалал-Абад шаарында жабырлануучу өзүнө таандык болгон унаасын 950 000 сомго сатып, ага 700 000 сомун гана берип, калган 250 000 сомун ушул күнгө чейин бербей коркутуп алдап жүргөн, ушул эле айда “Айбек” менен “Турар” аттуу жигиттер келишип, алдоо жолу менен коркутушуп, жабырлануучуга таандык унааны өздөрүнө каттатып алуу аракеттерин көрүшүп, бул кылмыштуу ойлору ишке ашпай калган соң, 200 АКШ долларын жана 5000 сомун алып кетишип, кийин дагы акча алып турушкан. Аталган факты боюнча Жалал-Абад ОИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган. Жогорудагы козголгон кылмыш иштеринин негизинде Жалал-Абад областтык милициясынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, “Турар” жана “Айбек” аттуу жарандардын өздүктөрү аныкталган. Шектүүлөрдүн жашаган дарегине Жалал-Абад шаардык соту тарабынан атайын тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн уруксат токтомдору алынган. 28-январь күнү аталган жарандар кармалышып, Жалал-Абад шаарындагы турак жайларына тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда мурда соттолгон 39 жаштагы С.Т. жашаган үйүнөн 2 даана бычак, 1 даана колго жасалган ок атуучу тапанчага окшогон курал, 1 даана үн басаңдаткычка (глушитель) окшогон темир, 1 даана темир дубинка жана 2 даана “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча, 4 даана ок табылып алынды. Мындан сырткары, анын шериги 31 жаштагы мурда соттолгон М.А. жашаган үйдөн жана “БМВ” үлгүсүндөгү унаадан бир даана күмүш түстөгү колго жасалган бычак табылып алынды. Кармалган оор кылмышка шектүү жарандар Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу жайына киргизилди. Баш коргоо чарасы бүгүн аныкталат. Учурда иликтөө иштери уланууда.
137, 278   |   3 год. назад  |   1, 348 - 0
 

'БЫЧАК ТАКАП' -ЖАРАНДАРДЫ КОРКУТУП, КАРАКЧЫЛЫК КЫЛГАНДАР КАРМАЛДЫ

Скачайте изображение (превью) выбрав качество


320x180 480x360 640x480 1280x720

ИИМ: Жалал-Абадда жарандарды карактоо менен алектенген кылмыштуу топ кармалды
Жалал-Абад ОИИБге Ала-Бука районунун тургуну Ш.К. арыз менен кайрылып, ок атуучу курал жана бычак менен коркутуп, акча каражатын тартып алган жарандарга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Жабырлануучунун айтуусунда, белгисиз жарандар аны чакырып алып, унаасына отургузуп, Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын жайлоосуна алып чыгып, бычак жана белгисиз үлгүдөгү тапанча менен коркутушкан. Андан соң, жабырлануучуну унаадан түшүрүп, бычак менен коркутушуп, шилтеп, оң колунун чыканагынын үстүн тилип, тапанча менен бутунун астына атып, 50 000 сомун күчкө салып тартып алышкан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (Каракчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.
Ошондой эле, 2022-жылдын апрель айында милицияга дагы бир жаран А. арыз менен кайрылган. Себеби, Жалал-Абад шаарында жабырлануучу өзүнө таандык болгон унаасын 950 000 сомго сатып, ага 700 000 сомун гана берип, калган 250 000 сомун ушул күнгө чейин бербей коркутуп алдап жүргөн, ушул эле айда “Айбек” менен “Турар” аттуу жигиттер келишип, алдоо жолу менен коркутушуп, жабырлануучуга таандык унааны өздөрүнө каттатып алуу аракеттерин көрүшүп, бул кылмыштуу ойлору ишке ашпай калган соң, 200 АКШ долларын жана 5000 сомун алып кетишип, кийин дагы акча алып турушкан.
Аталган факты боюнча Жалал-Абад ОИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.
Жогорудагы козголгон кылмыш иштеринин негизинде Жалал-Абад областтык милициясынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, “Турар” жана “Айбек” аттуу жарандардын өздүктөрү аныкталган. Шектүүлөрдүн жашаган дарегине Жалал-Абад шаардык соту тарабынан атайын тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн уруксат токтомдору алынган. 28-январь күнү аталган жарандар кармалышып, Жалал-Абад шаарындагы турак жайларына тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда мурда соттолгон 39 жаштагы С.Т. жашаган үйүнөн 2 даана бычак, 1 даана колго жасалган ок атуучу тапанчага окшогон курал, 1 даана үн басаңдаткычка (глушитель) окшогон темир, 1 даана темир дубинка жана 2 даана “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча, 4 даана ок табылып алынды.
Мындан сырткары, анын шериги 31 жаштагы мурда соттолгон М.А. жашаган үйдөн жана “БМВ” үлгүсүндөгү унаадан бир даана күмүш түстөгү колго жасалган бычак табылып алынды.
Кармалган оор кылмышка шектүү жарандар Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу жайына киргизилди. Баш коргоо чарасы бүгүн аныкталат. Учурда иликтөө иштери уланууда.


'БЫЧАК ТАКАП' -ЖАРАНДАРДЫ КОРКУТУП, КАРАКЧЫЛЫК КЫЛГАНДАР КАРМАЛДЫ

Чтобы скачать видео "'БЫЧАК ТАКАП' -ЖАРАНДАРДЫ КОРКУТУП, КАРАКЧЫЛЫК КЫЛГАНДАР КАРМАЛДЫ" передвинте ползунок вправо



Покажите вашим друзьям, добавьте в соцсети

Ссылка на страницу с видео:

 

Ссылка HTML на страницу с видео:

 

Код для вставки плеера:


  • Комментарии

Комментарии ФБ


Уважаемые друзья!

Источником всего видеоконтента, в том числе проигрывающегося на страницах ресурса ruslar.me, является сторонний видео ресурс, а именно общедоступный видеохостинг YouTube.com, предоставляющий открытый доступ к своему видеоконтенту (используя открытую и общедоступную технологию video API3 youtube.com)!

Проблемы с авторскими правами

Если вам принадлежат авторские права на данное видео, которое было загружено без вашего согласия на YouTube.com, перейдите на страницу этого видео сайта YouTube.com , нажмите на ссылку под проигрывателем Ещё -> "Пожаловаться" -> "Нарушение моих прав" и в выпадающем меню, выбирите, что именно нарушается и нажмите кнопку "Отправить".



Неприемлемый контент

Чтобы сообщить о неприемлемом видео, перейдите на YouTube, нажмите на ссылку под проигрывателем Ещё -> "Пожаловаться" и выберите в "Сообщить о нарушении" что именно вас не устраивает в этом видео. Подробнее о наших правилах читайте в Условиях использования.