Мигранттарды сынаган жыл: согуш, рейд, рубль курсу
- Видео
- О видео
- Скачать
- Поделиться
Мигранттарды сынаган жыл: согуш, рейд, рубль курсу
26, 013 | 1 год. назад | 293 - 0
2023-жылы Орусияда миграциялык эреже-талаптар катаалдашып, борбор азиялык мигранттарга карата басым күчөдү. Полиция мигранттарды көргөн жеринен салып кетип, мечит, кафе, үйлөрүнө чейин бастырып кирген учурлар катталды. Миңдеген адам депортацияланды.
Орус бийлиги борбор азиялык мигранттарды Украинага согушка барууга, согуш талаасында окоп казууга, Москва оккупациялап алган Украинанын жерлерин калыбына келтирүү иштерине тартууга кызыкдар болууда.
Орус бийлиги ар кандай басым-кысым менен орус жарандыгын алган борбор азиялыктардын тек жайын аныктап, аскердик каттоого туругузуп, Украинага согушка барууга мажбурлоодо.
Эксперттер Орусиянын эмгек рыногу борбор азиялык мигранттарды мурдагыдай өзүнө тартпай калганын белгилешүүдө. Буга рублдин курсу, миграция эрежелеринин катаалдашы, полициянын тынымсыз текшерүүлөрү, Украинадагы согуш себеп болгонун айтышат. Алардын эсебинде, чет элдик жумушчулардын агымынын азайышы - курулуш, соода, логистика, коомдук тамактануу жана турак-жай, коммуналдык чарба тармагында эмгек күчүнүн жетишсиздигин жаратат.
Видеону “Азаттыктын” “Мигрант медиа” долбоору даярдады.
#миграция #орусия #мигрант #MigrantMediaCentralAsia
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram -
Фейсбук -
Ютуб -...
Телеграм -

Чтобы скачать видео "Мигранттарды сынаган жыл: согуш, рейд, рубль курсу" передвинте ползунок вправо
- Комментарии
Комментарии ФБ