АКСЫ: КОШ БОЙЛУУЛАРДАН АКЧА ТАЛАП КЫЛГАН АКУШЕР КАРМАЛДЫ
- Видео
- О видео
- Скачать
- Поделиться
АКСЫ: КОШ БОЙЛУУЛАРДАН АКЧА ТАЛАП КЫЛГАН АКУШЕР КАРМАЛДЫ
11, 009 | 3 год. назад | 122 - 0
КР УКМК: Аксы районунун жалпы дарыгердик практика борборунун акушер-дарыгери төрөт учурундагы аялдардан системалуу түрдө акча каражатын талап кылып алып жаткан жеринен кармалды
КР УКМК тарабынан коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында Аксы райондук жалпы дарыгердик практика борборунун төрөт бөлүмүндө калыптанган паракорчулук жана опузалап акча талап кылуу фактылары аныкталды.
Тактап айтканда, КР УКМКнын Жалал-Абад областы боюнча башкы башкармалыгына Д.С.М. аттуу жаран кайрылып, Аксы райондук жалпы дарыгердик практика борборунун төрөт бөлүмүнүн акушер-гинекологу 1983-жылы туулган М.А.А. опузалап акча талап кылып жаткандыгына байланыштуу мыйзам чегинде чара көрүлүшүн суранган.
Ыкчам тергөө иш-аракеттеринин негизинде 2023-жылдын 2-феврал күнү М.А.А. өзүнүн иш бөлмөсүндө талап кылган акчаны алып жаткан учурунда кармалды.
Азыркы учурда аталган факт КР УКМК Жалал-Абад областынын башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилип, КР Кылмыш-Жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Чтобы скачать видео "АКСЫ: КОШ БОЙЛУУЛАРДАН АКЧА ТАЛАП КЫЛГАН АКУШЕР КАРМАЛДЫ" передвинте ползунок вправо
- Комментарии
Комментарии ФБ